79

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы — Мария Айтматова 79 жашка караган курагында дүйнө салды

Белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова 79 жашында көз жумду.

20 Nisan 2021 20:20

Мария Айтматова жолдошу дүйнөдөн кайткандан кийин Чыңгыз Айтматов фондунун төрайымы катары ишмердик жүргүзүп келген.

Маркум быйыл июль айында 79 жашка чыкмак.

Маалыматтарга караганда Мария Айтматова ооруканада көз жумган.

Эскерте кетсек, Чыңгыз Айтматов экөөнүн Ширин жана Эльдар аттуу балдары бар.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына улуу жазуучунун жубайы Мария Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

Anahtar Kelimeler: Мария Айтматова, Чыңгыз Айтматов,

Жаңылыктар