Өзбек элинин салттуу кездемеси – атлас

Атлас кездемеси 2017-жылы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.

29 Nisan 2022 23:16

Атлас - жибек жиптеринен токулган кооз кездеме. Ошол эле учурда, атлас материалы өзүнүн табигый курамына байланыштуу текстиль өнөр жайында өзгөчө бааланат. Ал өзүнүн уникалдуулугу менен дүйнөгө таанылган.

Өзбекстанда атласты өндүрүү технологиясы эч өзгөргөн эмес. Атлас кезедемеси салттуу станоктордо токулат. Өлкөнүн бир катар аймактарында атлас станоктору бар.

Атласты токуган усталар бул өнөрдү муундан муунга мурас кылып өткөрүп келет.

Уникалдуу оюмдары жана табигый боектору менен өзгөчөлөнгөн атлас кездемелери Өзбекстандын маанилүү киреше булактарынын бири болуп саналат.

Өзбекстандын атлас кездемеси 2017-жылы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.

Жаңылыктар