15

Өзбекстан 15-марттан тартып чет өлкөдөн келе тургандардан коронавируска тест талап кылбайт

Өзбекстандын Коронавируска каршы күрөшүү штабынын маалыматына караганда 15-марттан тартып ПЦР анализи бар жарандар (72 саат ичинде алынган) чек арадагы санитардык-карантиндик пункттарда тиешелүү текшерүүлөрдөн өтүшпөйт.

14 Mart 2021 22:57

Өзбекстандын Коронавируска каршы күрөшүү штабынын маалыматына караганда 15-марттан тартып ПЦР анализи бар жарандар (72 саат ичинде алынган) чек арадагы санитардык-карантиндик пункттарда тиешелүү текшерүүлөрдөн өтүшпөйт.

Эгер жүргүнчүнүн тийиштүү кагазы жок болсо же мөөнөтү өтүп кетсе ПЧР анализ аэропорттогу же темир жол бекеттериндеги пункттардан алынат.

Белгилей кетсек Өзбекстан буга чейин коронавирустан таза экенин тастыктаган ПЧР аныктамасы бар жарандарды да милдетүү түрдө тесттен өткөрүп келген.

Коронавируска каршы күрөш боюнча штабдын маалыматына караганда Өзбекстанда акыркы бир сутка ичинде вирус 86 кишиге жукканы маалым болду.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 80 567​ адамга жетти. Акыркы суткада вирустан 97​ адам айыгып чыкты. Жалпы айыгып чыккандардын саны – 79 242​.

Өлкө аймагында 703   киши дарыланудан өтүүдө.

Коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 622 кишини түздү.

Өзбекстан 2020-жылдын октябрь айында Түркия менен катар бир катар мамлекеттер менен учак каттамдарын жанданткан.

Anahtar Kelimeler: Өзбекстан, коронавирус, ПЧР тести,

Жаңылыктар