Өзбекстан аба жолдору улуттук авиакомпаниясы Стамбул менен Үргөнчтүн ортосунда туруктуу аба каттамын ачат

Өзбекстандан Үргенч-Стамбул алгачкы аба каттамы 28-мартта ачылат.

15 Mart 2021 12:20

“Ўзбекистон ҳаво йўллари” (Өзбекстан аба жолдору) улуттук авиакомпаниясы Стамбул менен Үргөнчтүн ортосунда туруктуу аба каттамын ачат. Бул туралуу Өзбекстандын Транспорт министрлиги билдирди.

Каттамдар 28-марттан тарта кое берилет. Үргенч-Стамбул-Үргөнч каттамы жумасына бир ирет каттайт.

Өзбекстандан Үргенч-Стамбул алгачкы аба каттамы 28-мартта таңкы саат 07:30до учат.

Үргенч аба майданында салтка айланган ырым-жырым болот.

Учак Стамбул аэрпортуна Түркиянын убактысы менен 11:50 чамаларында конот.

Ал арада “Ўзбекистон ҳаво йўллари” улуттук авиакомпаниясы пандемияга байланыштуу 2020-жылдын март айында токтотулган Cамарканд-Стамбул-Самарканд каттамын жандандырат. Жүргүнчүлөр “Ўзбекистон ҳаво йўллари” компаниясынын учагы менен жумасына үч ирет каттай алышат.

Андан сырткары Ташкент-Стамбул-Ташкент каттамы күн сайын ачык.

Белгилей кетсек узаган аптада Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу расмий иш сапары менен Өзбекстанга барган. Анда эки өлкө ортосундагы аба байланышын жандандыруу маселеси талкууланган.

Anahtar Kelimeler: Үргенч-Стамбул-Үргөнч, Өзбекстан аба жолдору, Түркия, Өзбекстан, аба каттамы,

Жаңылыктар