Өзбекстан Эл аралык Түрк академиясына байкоочу статусу менен кошулду

Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркия курган бирден-бир эл аралык илимий уюму – «Эл аралык Түрк Академиясы» Өзбекстанга байкоочу макамын берди.

24 Haziran 2022 21:37

Өзбекстан Республикасы Эл аралык Түрк академиясында байкоочу статусун алды. Буга байланыштуу эл аралык уюмдун имаратынын алдында Өзбекстандын мамлекеттик желегин көтөрүү салтанаттуу аземи болуп өттү.

Салтанатка Азербайжан Республикасынын билим берүү министри Эмин Амруллаев, илим жана жогорку билим берүү министри Саясат Нурбек, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Өзбекстан Республикасынын Казакстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаев, Атайын элчи Саидикрам Ниязходжаев катышты. 

Өзбекстандын Казакстандагы элчиси Саидикрам Ниязокаев өткөн жылдын ноябрь айында Өзбекстан Түрк мамлекеттер уюмуна толук кандуу мүчө болуп киргенин эске салып, «Быйыл Өзбекстанда биринчи жолу Түрк мамлекеттери уюмунун мамлекет башчыларынын саммити өтөрүн эске салды.

"Өзбекстан ТүркПАга байкоочу өлкө болгон. Эми Эл аралык Түрк академиясына байкоочу статусу менен кошулдук. Бул Өзбекстандын түрк мамлекеттери менен интеграциялык изилдөөлөргө активдүү катышып жатканын далилдейт",-деди ал.

 

Жаңылыктар