Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев: «Биздин демократиялык реформалар жаңы Өзбекстанды курууга багытталган»

Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөсүндөгү демократиялык реформалар жаңы Өзбекстанды курууга багытталганын жана ал өзгөрүүлөр артка кайтарылгыс экенин билдирди.

22 Şubat 2021 21:58

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 22-февралда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешинин 46-сессиясына катышты. Кеңештин жыйыны видеоконференция форматында өттү.

Өзбекстан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болуп шайланганы биринчи ирээт жыйынга катышкан Шавкат Мирзиёев,  өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар туралуу сөз козгоп, бул реформалар адам укугу менен эркиндигин камсыз кылууда маанилүү орунду ээлей тургандыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы, «Биздин демократиялык реформалар жаңы Өзбекстанды курууга багытталган жана ал өзгөрүүлөр артка кайтарылгыс»,- деп баса белгиледи.

Мирзиёев,  БУУнун 75 жылдык тарыхы адам укуктарынын ааламдык баалуулугун ишенимдүү далилдегенин айтып, адам укугу корголбосо тынчтык, коопсуздук жана туруктуу өнүгүү мүмкүн эмес экенин баса белгиледи. Өзбекстан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү катары адам укугу боюнча эл аралык укуктун универсалдуу принциптерин жана ченемдерин коргоп, жигердүү жайылтаарын кошумчалады.

Шавкат Мирзиёев адам укуктары боюнча аткарыла турган жумуштардын негизги багыттарына кеңири токтолду. Бул жаатта эл аралык өнөктөштөштөрдүн колдоосу манилүү экенин айтты. Өз кезегинде, БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелетти Өзбекстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Мирзиёев ошондой эле  Самарканд форумунун базасында Азия континенти үчүн туруктуу иш алып бара турган аймактык механизм түзүүнү сунуштап, ага ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жаңылыктар