Өзбекстан Украинадагы жарандарын Польша аркылуу эвакуациялайт

Өзбекстан Орусиянын кол салуусуна байланыштуу Украинадагы жарандарын Польша аркылуу эвакуациялайт.

25 Şubat 2022 14:54

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги, Украинадагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу өлкөдөн кетүүнү каалаган өзбек жарандарын Польша аркылуу эвакуациялай турганын жарыялады.

Маалыматка караганда Польшанын тиешелүү мекемелери өзбек жарандарына Польшага визасыз кирүүгө уруксат берген. Чек арадан өтүү жамааттык түрдө Өзбекстандын Украинадагы жана Паольшадагы элчиликтеринин жетекчилеринин координациясында ишке ашырылат.

Мекеменин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Украинада 4300 өзбекстандык бар.

Бугай чейин Өзбекстан, Украинада өзгөчө абал режими киргизилгенине байланыштуу өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган өзбек жарандарын эвакуациялоо планы түзүлүп жатканын билдирген. 

Anahtar Kelimeler: Өзбекстан, эвакуация, Украина,

Жаңылыктар