Өзбекстан жарманке жана көргөзмөлөрдү ачууга уруксаат берди

Өзбекстандын Коронавируска каршы күрөшүү комиссиясы, жарманке жана көргөзмөлөрдү  санитардык эрежелер сакталган шартта  өткөрүүгө уруксаат берди

28 Şubat 2021 15:56

Өзбекстандын Коронавируска каршы күрөшүү комиссиясы, жарманке жана көргөзмөлөрдү  санитардык эрежелер сакталган шартта  өткөрүүгө уруксаат берди. Белгилей кетсек жарманке жана көргөзмөлөр, пандемияга байланыштуу 2020-жылдын 23-мартында токтотулган.

Комиссиянын чечимине ылайык жарманке, көргөзмө жана ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрөөрдөн мурда уюштуруучулар Өзбекстан Республикасынын Инвестиция жана тышкы соода министрлигине маалымат бериши керек.

Уюштуруучулар баардык санитардык талаптарды аткарышы зарыл. Ошондой эле жарманкеге келгендердин дене табы өлчөнүп, санитардык ченемдер жана социалдык обочолонуу талаптары сакталышы керек.

Жаңылыктар