Өзбекстанда “Борбордук Азия + Россия Федерациясы” форматындагы тышкы иштер министрлеринин жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Н.Ниязалиев 2021-жылдын 16-июлунда Ташкент шаарында өтүп жаткан “Борбордук Азия + Россия Федерациясы” форматындагы тышкы иштер министрлеринин төртүнчү жолугушуусуна катышты.

16 Temmuz 2021 22:48

 

2021-жылдын 16-июлунда Ташкент шаарында “Борбордук Азия + Россия Федерациясы” форматындагы тышкы иштер министрлеринин төртүнчү жолугушуусу өттү.

Жыйынга Казакстандын Тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын Тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин, Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередов, Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов,  КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев жана Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров катышты.

Күн тартибине ылайык тараптар регионалдык кызматташтык боюнча пикир алмашышты жана Афганистандагы учурдагы кырдаалды талкуулашты.

Нуран Ниязалиев бүгүнкү күндө актуалдуу болгон Афганистандан аймагынан чыккан качкындар - этникалык кыргыздардын маселесине токтолду жана Кыргызстандын аймагында кабыл алууга жана жайгаштырууга кыргыз тараптын даярдыгын белгиледи.

"Борбор Азия + Россия Федерациясы" форматындагы министрлердин төртүнчү жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча Афганистан Ислам Республикасындагы кырдаал боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Anahtar Kelimeler: Борбордук Азия + Россия Федерациясы, Ооганстандагы кырдаал,

Жаңылыктар