Өзбекстанда кылымдар бою сакталып келе жаткан «келин көрүү» салты

«Келин көрүү» же «келин менен учурашуу» салты Орозо жана Курман айт майрамындагы ырым-жырымдардын катарын толуктайт

06 Mayıs 2022 21:35

Өзбекстанда «келин көрүү» же «келин менен учурашуу» салты муундан муунга өткөрүлүп келет.

Үй-бүлөөгө жаңы келин келгенден кийинки алгачкы диний майрамда (Орозо же Курман айт) күйөө баланын айылына туугандары менен айылдаштары  «келин көрүү» аземине келишет.

Келиндер дасторконго дүйүм тамактарды жайып, конокторду жаркылдап тосуп алуусу шарт.

Кабыл алынган үрп-адатка ылайык, аялдар келин көргөндүгү үчүн белек ала келишет. Келин меймандарга 3 жолу жүгүнүү менен жооп берип, мунусу менен аларды сыйлаарын жана ден-соолүк кааларын көрсөтөт. Аялдар келинге «кудай жалгасын», «бактылуу бол!» «тийгениң менен кошо кары» деген тилектерин айтышат. Келин карыларга жүз аарчы, жаштарга таттуу-тарапа белек кылат.

Жаңы келиндин ийкемдүүлүгү сыналат

Өзбекстандын тургуну Гүлнара Юнусова белгилегендей, «келин көрүү» же «келин менен учурашуу» салтында жаңы келген келиндин ийкемдүүлүгү (конок тосуу,  конок узатуу, тамак даярдоо, дасторкон жасалгалоо ж.б. чеберчилиги) сыналат. Бул салт кылымдардан бери муундан муунга өткөрүлүп келе жатат.

Жаңылыктар