5

Өзбекстанда ШКУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 5-жыйыны болуп өттү

Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министри Бекзад Мусаев төрагалык кылган жыйынга Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков катышты.

08 Haziran 2022 19:12

Өзбекстанда өткөн жыйынга Россиянын саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко, Тажикстандын саламаттыкты сактоо министри Камолиддин Абдуллозода,  Казакстандын саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Марат Шоранов, Кыргыз Республикасынын   саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков, Индиянын саламаттыкты сактоо жана үй-бүлөлүк бакубатчылык министринин орун басары Раджеш Бхушан жана Пакистандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү катышты. Ал эми ШКУнун башкы катчысы Чжан Мин жана Кытайдын Улуттук саламаттыкты сактоо комиссиясынын төрагасы Ма Саовей онлайн режиминде катышты.

Мусаев жыйындын ачылышында сөз сүйлөп, иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи. Бул жолугушуу ШКУга мүчө өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты мындан ары арттырууга салым кошоорун билдирди.

ШКУнун башкы катчысы Чжан Мин, саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүү зарылдыгын айтып, бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп өттү.

Жыйында ШКУга мүчө мамлекеттер ортосунданды саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуу келишиминде көрсөтүлгөн маселелерди ишке ашыруу жана ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүү макулдашылды. 

Ошондой эле сапаттуу медициналык кызматтарды кеңейтүү, алгачкы медициналык-санитардык жардам кызматтарын өнүктүрүү,  жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө,  телемедициналык технологияларды колдонуу боюнча адистерди даярдоо, элдик медицина, фармацевтика жана санитардык-эпидемиологиялык тармакта кызматташтыкты улантууга басым жасашты.

Жыйын жыйынтыгында Ковид-19 пандемиясынын кийин реабилитация жана эмдөө сертификаттарын өз ара таануу жаатында кызматташууну өнүктүрүү боюнча «жол картасы» кабыл алынды.

 

 

 

Жаңылыктар