Өзбекстандагы сыйкырдуу мунара–Калта Минор (Кыска мунара)

Хиванын символу Кальта-Минор дүйнөдөгү эң кооз архитектуралык эстеликтердин катарын толуктайт.

04 Şubat 2022 19:08

Кальта-Минор (Кыска мунара) Хива шаарынын символу катары белгилүү.

Белгилей кетсек байыркы Хива шаары Борбор Азиянын чок ортосунда, Өзбекстандын батыш бөлүгүндө жайгашкан. Шаар, Хорезм аймагынын бермети катары таанымал. 

Тарыхый шаар Дүйнөлүк маданий мурастар тизмегинде орун алган.

Хиванын негизги төрт дарбазасы болгон. Кальта-Минор бул төрт дарбазанын бири болгон Ата дарбазасынын кире беришинде жайгашкан.

Мунара туралуу уламыштар көп айтылат.

Эң кеңири тараган уламышта мунара туралуу төмөнкүчө баяндалат:

Өкүмдар Мухаммед Амин Хан, 1852-жылы, Бухара шаарында орун алган 47 метр бийиктиктеги Калон мунарасынан да бийик мунара курууну эңсеп, колунан көөрү төгүлгөн устаны чакыртат.

Уста, мунаранын алдыңкы диаметрин 14,5 метр, бийиктигин 70 метр кылып пландайт да мунараны сала баштайт.

Бирок Бухаранын эмири жашыруун кабар жиберип, устаны Бухарага чакыртып алат да, андан да бийик мунара курууну талап кылат.

Амир хан аны билип калып, абдан ачууланат да устаны өлүм жазасына өкүм кылат.

Уста, өкүмдардын өкүмүнөн качууга аргасыз болуп, кайра Хивага кайтып барбайт. Ошентип мунаранын 26 метри гана бүтүп, калганы бүтпөй калат.

Анткен менен мунара дүйнөдөгү эң кооз архитектуралык эстеликтердин катарын толуктайт.

Anahtar Kelimeler: Кальта-Минор, Хива,

Жаңылыктар