2020-1-5

Өзбекстанга 2020-жылы 1,5 миллион турист келген

Коронавирус кризисинен улам өткөн жылы Өзбекстанга чет өлкөдөн келген туристтердин саны 4 эсеге кыскарып, болжол менен 1,5 миллион турист келген

23 Şubat 2021 14:23

Өзбекстан Республикасынын вице-премьер-министри жана Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Азиз Абдухакимов, 2020-жылы Өзбекстанга чет өлкөдөн келген туристтердин саны пандемияга байланыштуу  кыйла кыскарып, болгону 1 миллион 504  миң турист келгенин билдирди.

Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылы өлкөгө 1,7 миллион чет элдик турист келээри күтүлүп жаткандыгын жана туризмден 370 миллион доллар киреше табуу пландалып жаткандыгын белгиледи.

Абдухакимов, ички туризмди өнүктүрүү зарылчылыгы күн тартибинде турганын баса белгиледи. Жергиликтүү туристтердин санын быйыл 7,5 миллион адамга жеткирүү максатталып жатканын айтты. Бул көрсөткүч өткөн жылы 1,9 миллионду түзгөн.

 2019-жылы Өзбекстанга чет мамлекеттерден 6,748 миллион турист келген. Ал жылы Өзбекстандын  туризм тармагынан түшкөн кирешеси 1,3 миллиард долларга жеткен.

Жаңылыктар