Зеленский Европа парламентине кайрылуу жасады

Украинанын Президенти Владимир Зеленский Украинадагы кырдаал боюнча Европа парламентине кайрылуу жасады.

01 Mart 2022 16:36

Европа Парламенти Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу Брюсселде кезексиз жыйын өткөрдү.

Украинанын президенти В. Зеленский видео-конференция форматында жыйынга катышып, Европа парламентие кайрылуу жасады. 

Парламенттин мүчөлөрү Зеленскийди кол чаап коштоп турушту. 

Ал, укрианалыктар эгемендүүлүгүн коргоо үчүн Орусияга каршы согушууну улантарын баса белгиледи. 

Өз кезегинде Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн бардыгына Украинага тилектештик билдиргени үчүн ыраазычылык билдирди.

"Орусиянын баскынчылыгына туруштук берип, эркиндигибизди коргоого аракет кылабыз. Жеңиш биздики болот" ,- деп баса белгиледи ал.

Владимир Зеленский  ошол эле учурда, орус аскердик күчтөрү Харьков шаарына интенсивдүү аткылоого дуушар болгонун билдирди. Ал Харьков шаары реактивдүү жана канаттуу ракеталык аткылоолорго кабылып жатканын айтты.

Зеленский кечээ күнкү кол салууда 16 бала көз жумганын айтып, "Орусиялык жетекчилер аскердик обьекттерди гана чабуулга алып жатканын айтууда. Аскердик обьекттерде балдар иштейби?",- деген суроо узатты.

Зеленский өз кезегинде Евробиримдикти Украинаны толук кандуу мүчөлүккө кабыл алууга чакырды.

Anahtar Kelimeler: Зеленский, Украина, Европа парламенти,

Жаңылыктар