Зеленский: Орусия менен сүйлөшүүлөрдөн биз каалагандай жыйынтык ала алган жокпуз

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен сүйлөшүүлөрдөн Украина каалагандай жыйынтык чыга электигин билдирди.

01 Mart 2022 09:20

Украин президенти Владимир Зеленский кезектеги видео кайрылуусунда Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы тууралуу оюн билдирди.

Ал бул cүйлөшүүлөр Украинанын аймактарын бомбалоо, шаарларын аткылоо менен коштолгонун айтты.

"Орус күчтөрүнүн Харьков шаарын ракеталар менен катуу бомбалоодо. Бул ачык эле согуш кылмышы. Антени шаарда бейпил конуштар гана бар, бир дагы аскерий объект жок. Орусия бардык эл аралык конвенцияларды бузууда. Бул кылмыш үчүн сөзсүз эл аралык сот түзүлөт",-деди ал. 

Ал  өз кезегине ракеталар, бомбалар жана замбиректер менен коштолгон согушту тез арада токтотуу керектигин айтты. Орусия экономикалык жактан талкаланышы керектигин баса белгиледи. 

"Орусия бардык конвенцияларды бузду, муну эч ким эч качан кечирбейт”,- деп белгиледи ал.

Анын айтымында Орусия 5 күн ичинде 56 ракеталык чабуул жасап, Украинага 113 канаттуу ракета учурган.

Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүгө чакырды

Зеленский карапайым элге кол салган өлкө Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болбошу керектигин белгилеп, орусиялык ракеталарга, учактарга жана тик учактарга дүйнөдөгү бардык портторду, каналдарды жана аэропортторду жабууга чакырды. Орусия энергетикалык ресурстарды экспорттоодон жүз миллиарддаган доллар киреше албашы керектигин айтты.

Сүйлөшүүлөрдө биз каалаган жыйынтык жок

Украина менен Орусиянын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүү дүйшөмбү күнү беларус-украин чек ара аймагында өттү.

Зеленский бул cүйлөшүүлөр Украинанын аймактарын бомбалоо, шаарларын аткылоо менен коштолгонун айтты.

“Аткылоолор сүйлөшүү процесси менен жарыша болуп жатканы көрүнүп турду. Мен Орусия мындай амалкөй эмес ыкма менен басым көрсөтүүгө аракеттенүүдө деп эсептейм. Убактыңарды, тактикаңарды коротпогула, мындайды кабыл албайбыз. Бир тарап экинчисине так сүйлөшүүлөр өтүп жаткан маалда реактивдүү артиллерия менен сокку урбаган учурда гана адилет сүйлөшүүлөр өтөт», - деди Зеленский.

Ал украин тарап сүйлөшүүнүн биринчи айлампасынын жыйынтыгын талдап чыккандан кийин экинчи айлампанын жол-жобосун аныктай турганын кошумчалады.

Anahtar Kelimeler: Зеленский, Украина,

Жаңылыктар