Зеленский Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүгө чакырды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүгө чакырды.

25 Şubat 2022 14:09

Украинанын президенти Владимир Зеленский Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Орусиянын кол салуусуна каршы туруу боюнча баарлашты. Бул тууралуу ал твиттердеги баракчасынан билдирди.

Зеленский Киевди коргоо жана  шаардын бомбага кабылуусу тууралуу маалымат берди. Өз кезегинде  50 миллион доллар жардам көрсөткөнү үчүн Финляндияга ыраазычылык билдирди. Финландия жөнөткөн жардам согушка каршы коалицияга эффективдүү салым болгонун баса белгиледи.

Украинанын президенти Зеленский, Орусияга каршы санкцияларды күчөтүп, Украинанын коргонуусуна көбүрөөк колдоо көрсөтүлүшү зарыл экендигин баса белгиледи.

Зеленский ошондой эле Европа комиссиясынын төрагайымы Урсула фон дер Лейен менен сүйлөштү. Бул сүйлөшүүдө Зеленский санкциялардын бардык мүмкүнчүлүктөрү азырынча колдонула электигин айтып, Орусияга басымды күчөтүү керектигин белгиледи. Өз кезегинде кошумча каржылык жардам көрсөтүү боюнча чечим кабыл алганы үчүн Лайенге ыраазычылык билдирди.

 

Anahtar Kelimeler: Украина, Зеленский,

Жаңылыктар