Зеленский Украинаны тез арада Евробиримдикке кабыл алууга чакырды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинаны тез арада Евробиримдикке кабыл алууга чакырды

28 Şubat 2022 14:05

Зеленский элге кайрылуусунда батыштык өнөктөштөрүнө Украинага колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Бирок Украинанын максаты бардык европалыктар менен бирдей шартта болуу экенин белгиледи.

"Украина Евробиримдикке мүчө болууга татыктуу жана бул мүмкүн болот деп ишенем. Европа Биримдигин Украинаны дароо шаркетке кошууга чакырабыз",-деди ал.

Зеленский ошол эле учурда азыр бардык украин жарандары жоокер экенин, ар бир адам мекен үчүн жоопкерчиликтүү күрөшүп жатканын айтып, алар сөссүз жеңишке жетерине ишеним билдирди.

 

Anahtar Kelimeler: Зеленсий, Украина,

Жаңылыктар