Зеленский: Өзүбүздү коргойбуз

Зеленский: "Эгер эркиндигибизге, балдарыбызга кол салуу болсо, биз өзүбүздү коргойбуз, кол салбайбыз"

24 Şubat 2022 09:06

Украинанын президенти Владимир Зеленский аскердик абал киргизүүнү жарыялады. Бул тууралуу ал украиналыктарга кайрылуу жасаган учурда билдирди.

“Урматтуу Украинанын жарандары! Бүгүн президент Путин Донбасста атайын аскердик операция жасоону жарыялады. Россия биздин аскердик инфраструктураларыбызга сокку урду”, - деди ал.

“Биз аскердик абал киргизебиз”, - деди Зеленский.

Ал ошондой эле мүмкүн болушунча үйдө калууну суранды.

"Мен Украинадагы бардык жарандарды үйлөрүндө болууга чакырам. Армия иштеп жатат. Биз иштеп жатабыз. Дүрбөлөңгө түшпөгүлө. Биз күчтүүбүз, биз баарына даярбыз. Биз жеңебиз. Украинага даңк",- деди Зеленский.

Аскердик операция башталды

Орусиянын президенти В. Путин бүгүн таң эрте Украинанын чыгышындагы Донбасста атайын аскердик операция баштаганын жарыялаган.

"Flightradar24"  аталыштагы маалыматтарды көзөмөлдөө сайты Украинанын аба мейкиндигинде учууларга чектөө киргизилгенин билдирген.

Көп өтпөй Орусия Украина жана Беларус менен чектешкен батыш чек арасындагы аба мейкиндиги жарандык каттамдарга жабылганын жарыялаган.

Anahtar Kelimeler: Украина, Зеленский,

Жаңылыктар