Өзгөчө кооздолгон өзбек нандары

Меймандос өзбек эли арасында  нанды жасоонун бир нече түрү бар. Нан күнүмдүк турмушта, тойлордо, майрамдарда, аштарда өзгөчө оорунду ээлейт.

15 Nisan 2022 11:33

Нансыз жашоону элестетүү кыйын. Наны, даны толуп турган үйдө береке, ырыскы болот.

Өзбек эли меймандос, кең пейил эл экендигин анын дасторконунан билүүгө болот.   Алсак бир эле нандын бир нече түрү бар. Алар; "наввай", "патыр", "бүктөө", "гичдалы", "шырмай", "абы", "лачира" жана башка.

Өзбек эли нанга аяр мамиле жасап аны убал, кор кылбаш үчүн сөзсүз ага карата ар түрдүү тыюуларды колдонушкан. Өзбек эли нанды эч качан тескери койбойт жана таштандыга ыргытпайт.

Улуттук ашканада дан азыктарынан жасалуучу тамактардын эң сонун түрлөрү кездешет.

Нан күнүмдүк турмушта, тойлордо, майрамдарда, аштарда өзгөчө оорунду ээлейт. Өзбек эли коногун нан менен тосуп алып, нан менен узатат.

Ал эми алыс жолго чыга тургандарга "жолдо шерик болсун" деген үмүт менен нан беришет. Ошондой эле жолго чыга турган адам ырыскы буйуруп үйгө кайра кайтып келейин деген нийет менен нандан ооз тийет да калганын үйгө калтырып кетет.  

Өзбектерде «нан сындыруу» деген салт бар.  Кыздын колун сурап, куда түшүп келгендер сөссүз түрдө нан ала барышат. Эгерде куда түшүп келгендер алып келген нан дасторконго коюлса, бул кыз тарап макулдугун берди дегенди түшүндүрөт. Ошентип кудалар нан менен шерттешет. Өзбектер үчүн нанга берилген антты бузуудан өткөн жаман нерсе жок.

Ошондой эле өзбектер күнүмдүк турмушта жана жакшылыкта дасторконго жуп сандагы нанды коюуга өзгөчө кам көрүшөт. Ал эми жамандыкта дасторкондо так сандагы нан коюлат.

Дүйнөгө белгилүү Самарканд наны

«Самарканд нанын» үй-бүлөнүн эркектери жасайт. Абдан даамдуу. Самарканд наны бир айдан ашык убакыт бузулбай сакталат. Өзбектердин айтымында башка аймактарда бышырылган «Самарканд наны» Самарканддагыдай даамдуу эмес.

«Самарканд наны» жөнүндө эл арасында айтылып жүргөн төмөнкүдөй уламыш бар.

Көчмөн уурулар ортосундагы согуштун айынан туулуп-өскөн жери Анжиянды таштап кетүүгө мажбур болуп, кийин Индия жерин өзүнө караткан Бабур Шах Самарканд нанын аябай сагынат да атайын Самарканддан наабайчыларды чакыртат. Алар нанды даамдуу кылып бышырышат бирок Бабур Шахка жакпайт. Бабур Шах наабайчыдан нанга эмнени кошпогонун сурайт. Наабайчы «Султаным, сиздин буйругуңуз менен нанга керектүү азыктардын бардыгын Самарканддан алып келдик. Бирок  Самарканддын абасын жана суусун алып келе алган жокпуз», - деп жооп берет.

Anahtar Kelimeler: өзбек нандары,

Жаңылыктар