Өзгөн шаары — Кыргызстандагы байыркы шаарлардын бири

Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Өзгөн шаары Фергана өрөөнүндө караханиддер доорунун тушунда бүтүндөй Азия чөлкөмүнө белгилүү шаарлардын бири болгон. Шаарда түрк архитектурасынын уникалдуу үлгүлөрү сакталып калган.

18 Şubat 2022 18:39

Борбордук Азиядагы тарыхый мурастардын мекени Өзгөн өзүнүн маданияты, тарыхый мунарасы жана медресеси менен суктандырат.

Өзгөн шаары тууралуу маалыматтар 9–10-к. араб, фарсы тилдеринде жазылган даректерден белгилүү. Белгилүү окумуштуу Махмуд Кашгари Өзгөндү «Язкент», «Узкент» деп атаган.

Өзгөн Фергана өрөөнүндө караханиддер доорунун тушунда бүтүндөй Азия чөлкөмүнө өзүнүн базарлары менен белгилүү болгон шаарлардан болгон. Өзгөн шаары VIII-IX кылымдарда эле чеп менен корголуп, XII кылымдарда караханиддер династиясынын борбор шаарына айланган эң байыркы шаарлардан. Бул шаар убагында Фергананын чоң соода борбору болуп эсептелгендиктен ага Улуу Жибек жолунан өткөн соодагерлердин баары токтошуп, базарларында соода кылып өтүшүп турушчу экен. Өзгөн ошол убактарда маданий жагынан да өнүккөн.

X кылымдындын 30-жылдарында Өзгөндө кол өнөрчүлүк, соода өнүккөн; алгачкы тыйын акчалар чыгарылган. XI-XIII кылымдарда Караханийлер мамлекетиндеги Фергана дубанынын борбору болгон.

Өзгөн мунарасы жана күмбөздөр

Өзгөн архитектуралык комплекси 11-12-кылымдарга таандык. Ал бир мунарадан жана 3 күмбөздөн турат. Өзгөн шаарында, Кара-Дарыянын жайылмасынан бийигирээк тектирчеден орун алган.

Алгачкы бийиктиги 44 метрге жеткен мунара убакыттын өтүшү менен чөгүп, урап отуруп, азыркы бийиктиги 27,4 метрди түзөт.

Комплекстеги күмбөздөр өзүнчө сырдуу. Анын дубалдарынын кээ бир жерлеринде диний мазмундагы тексттер кездешет. Куполу чопо менен шыбалып, күн нуруна ылайыкташкан тешикчелер болгон. Ал тешикчелер ички кооздукту жакшыраак көрүүгө арналган. Күмбөздөр XI кылымга таандык карахандар доорундагы эң маанилүү архитектуралык имарат. 

 

Anahtar Kelimeler: Өзгөн, Кыргызстан,

Жаңылыктар