Жаңгактын мекени-Жалал-Абад

Жаңгагы менен дүйнөгө таанымал Жалал-Абад шаары Кыргызстандын түштүк-батышында жайгашкан.

04 Şubat 2022 19:07

Жалал-Абад шаары Бишкек-Ош автомобиль жолунун боюнда, Бабаш-Ата кырка тоосунун капталынан орун алган.

Чыгарган продукциясынын көлөмү жана өнөр жай потенциалы боюнча Кыргызстанда Бишкек, Оштон кийинки 3-шаар.

Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан Жалал-Абад шаары көк жаңгагы жана минералдык булактары менен белгилүү.

Географиялык өзгөчөлүгү, жылуу суу булактары, минералдык суулары жана санаторийлери менен өлкө экономикасына чоң салым кошот.

Токтогул суу сактагычы жана ГЕСи

Токтогул суу сактагычы - Нарын дарыясындагы Токтогул ГЭСининплотинасы сууну бууганда пайда болгон . Суу сактагычка 1975-жылы суу толтурула баштаган.  

Ал, Кыргызстандагы негизги энергетиканын кызыкчылыгы үчүн курулган суу сактагыч.  Андан сырткары Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын башын бириктирген « Борбор Азиядагы энергетикалык шакекчедеги» жыштыктарды жөнгө салуу кызматын  көрсөтөт.

Токтогул суу сактагычы дүйнөдөгү ири 30 суу сактагычтын катарын толуктайт.

Хазрет Аюб булагы

Хазрет Аюб булагы шаардагы эң маанилүү туристтик жай. Андагы минералдык суу тери жана ашказан ооруларына пайдалуу. Мындан улам булакка жыл сайын миңдеген мейман келет.

Арстанбап жаңгак токою

Арстанбап жаңгак токою дүйнө жүзүндө өзгөчө табигый баалуулук, улуу жаңгак токою катары бааланат. Арстанбап дарыясы кесип өткөн өрөөн жана анын айланасындагы 600 миң гектар аянтта мөмө-жемиш жана жаңгак дарактары өсөт. Арстанбап токоюнан жыл сайын 1500 тонна жаңгак алынат.

Сары-Челек көлү

Сары-Челек көлү бийик тоодогу өтө кооз көл болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасынын батышында, Сары-Челек коругунда жайгашкан. Ал Чаткал тоо кыркасынын кызыктуу ажайып жайы. Тереңдиги боюнча Сары-Челек Орто Азияда үчүнчү, ал эми Кыргызстанда экинчи орунда турат.

Көз мелжиген карагайлар жаркыраган көл суусунда күзгүгө карангандай, чагылышып турат. Бул табигый күзгүдөн көлдү курчаган кызыл аскалар менен жашыл ыраң тоолорду да көрүп, сиз өзүнчө эле бир жомоктор дүйнөсүнө туш келгендей болосуз.

Сары-Челек көлү, Сары-Челек биочөйрөлүк коругунда жайгашкан. Корук, ЮНЕСКО тарабынан биочөйрөлүк коруктардын эл аралык тармагына киргизилген. 
 

Anahtar Kelimeler: Жалал-Абад, Кыргызстан,

Жаңылыктар