«Жаңы муундагы медиа» тренинги башталды

Иш чараны Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы жана Анадолу Агенттиги уюштурууда.

15 Mart 2021 19:07

Анадолу Агенттиги (AA) жана Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы  байланыш бөлүмүнүн чет өлкөлүк бүтүрүүчүлөрү үчүн атайын тренинг уюштуруп, медиа, байланыш, басма сөз, журналистика жана социалдык тармактар боюнча окутуу программасын ишке ашырууда.

Анадолу Агенттигинин кабар академиясынын директору Алптекин Жихангир Ишбилирдин маалыматына караганда мындай иш-чара биринчи жолу өткөрүлүп жатат.

«Түркиялык бүтүрүүчүлөргө арналган мындай тренинг биринчи жолу уюштурулуп жатат. Аны уюштурууга Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы колдоо көрсөтүүдө. Бул иш-чарар медиа академиясынын алгачкы бөлүгү. 5 күнгө созула турган тренинг байланыш бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жана медиа тармагында иштегиси келгендерге багытталган. Кийинчерээк дагы тереңдетилген окутуу программаларын ишке ашырабыз»,- деди ал.

Ал эми Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын Түркиялык бүтүрүүчүлөр боюнча координатору Мухаммед Муса Будак иш-чара кесиптик билимди өркүндөтүүгө жана тажрыйба топтоого багытталгандыгын баса белгиледи.

Анын маалыматына караган бүгүнкү күнгө чейин 150 000ден ашык чет өлкөлүк  студент Түркиядагы жогорку окуу жайларды бүтүргөн. Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы Түркиядагы окуу жайлардан билим алган чет өлкөлүк бүтүрүүчүлөр үчүн бир катар тренингдер уюштуруп келет. Жаңы уюштурулуп жаткан медиа тренинги алардын бири.

Тренинг 15-19-март аралыгында онлайн форматта өткөрүлөт. Анын жүрүшүндө тренингдин катышуучулары «журналистикада күн тартип жана булактар», «жаңылык жазуунун ыкмалары», «маектешүүнүн ыкмалары», «кризистик зоналар жана чыр-чатакты талдоо», «эл аралык журналистика таануу», «заманбап жана социалдык медиа» багытында билим алышат.

Семинар түрк тилинде болот.

Анын жыйынтыгында катышуучуларга сертификат тапшырылат.

Anahtar Kelimeler: Анадолу Агенттиги, Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы, «Жаңы муундагы медиа»,

Жаңылыктар