Жапаров чек арадагы кырдаалдын турукташуусуна байланыштуу кайрылуу жасады

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров ар бир үй-бүлөнү ээлеп келген жайларына кайтууга чакырды.

02 Mayıs 2021 22:16

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалдын турукташуусуна байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

«28-30-апрель күндөрү касиеттүү Кыргызстан эли үчүн тарыхый оор сыноонун да, кайгынын да күндөрү болду.

Биздин максатыбыз — элибиздин бейпилдиги, мамлекетибиздин аймактык бүтүндүгү.

Ушул тапта элдерди жайгаштыруу иши башталды.

Ар бир үй-бүлөгө кайрылам, ээлеп келген жайларыңарга кайтыңыздар»,- деди мамлекет башчысы.

Жапаров талкаланган, өрттөлгөн тамдарды калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлөөрүнө убада берди.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин маалыматына караганда Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу.

Anahtar Kelimeler: Кыргыз-тажик чек арасы,

Жаңылыктар