Жапаров: "Коопсуздукка байланышкан коркунучтар жана аскердик-саясий тирешүү ЖККУнун жооптуу зонасынын бардык чек араларына жакындап калды"

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-майда, Москвада өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин лидерлеринин юбилейлик жыйынында сөз сүйлөдү.

16 Mayıs 2022 19:57

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-майда, Москвада өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин лидерлеринин юбилейлик жыйынында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы уюм түзүлгөн мезгилде өзүнө жүктөлгөн жооптуу миссияны татыктуу аткарып, институционалдык жактан өнүгүп, потенциалын чыңдап жатканын канааттануу менен белгиледи.

Мындан тышкары ал, ал азыркы эл аралык кырдаал глобалдык коопсуздук жагынан да, дүйнөлүк экономика жагынан да көңүл жубатарлык эмес экенин баса белгиледи.

"Коопсуздукка байланышкан коркунучтар жана аскердик-саясий тирешүү ЖККУнун жооптуу зонасынын бардык чек араларына жакындап калды. ЖККУга мүчө мамлекеттердин ички иштерине үчүнчү тараптардын кийлигишүү аракеттери болуп жатат. Ошентип, жылдын башында биз мүчө мамлекеттердин биринде күтүлбөгөн коопсуздук кризисин токтотууга туура келди. Биз ыкчам жана эффективдүү жооп кайтардык", - деди Садыр Жапаров.

Мындан тышкары, президент санкциялык тирешүүлөргө тынчсыздануусун билдирди.

"Кыргыз экономикасы коронавирустук пандемиядан калыбына келбей жатып, ал азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукка, макроэкономикалык туруктуулукка жана социалдык туруктуулукка күчтүү санкциялык соккуну алды”- деди Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле чогулгандарды Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлгандыгынын отуз жылдыгы жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун түзүлгөндүгүнүн жыйырма жылдыгы менен куттуктады.

“Акыркы жылдарда болуп жаткан эл аралык окуялар Бресттен Владивостокко чейин жалпы жана жамааттык коопсуздукту камсыз кылуу максатында жогоруда кабыл алынган стратегиялык чечимдердин тууралыгын тастыктап турат”, - деди Садыр Жапаров.

Жаңылыктар