Жапаров: Кыргызстан орус-украин тирешинде калыс позицияны карманат

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты.

09 Mart 2022 22:15

Кыргызстан Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуяларда калыс позицияны карманат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров парламенттин жыйынында билдирди.

"Бүгүнкү күндө Орусия менен Украинанын ортосундагы болуп жаткан окуялардын кесепети дээрлик бардык мамлекеттерге терс таасир этип жатканын көрүп жатабыз. Кыскасы, дүйнөлүк деңгээлде соода-экономикалык, коопсуздук, алака-катыш жана башка чөйрөлөрдө абал кыйын. Айрыкча акыркы күндөрү эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп баратат, буга баам салып байкап турасыздар. Албетте биз кичинекей эле өлкөбүз, согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт, ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек",-деди мамлекет башчысы.

Президент доллардын куну көтөрүлүп, күйүүчү майдын, азык-түлүктүн баасы кымбаттап баратканын, мындай абалда элдин биримдиги маанилүү экендигин билдирди.

Anahtar Kelimeler: Жапаров, Украина, Орусия,

Жаңылыктар