Жапаров менен Эрдоган телефон аркылуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

13 Mayıs 2021 20:46

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында буга чейин жетишилген келишимдердин ишке ашырылышы талкууланды.

Мамлекет башчылары жалпы мусулмандардын ыйык майрамы болгон Орозо айт менен бири-бирин куттуктап, Кыргызстан менен Түркия элдерине гүлдөп-өнүгүүнү жана тынчтыкты каалашты.

Өз кезегинде Түркия Республикасынын президенти Р. Т. Эрдоган Ал-Акса мечити, Газа тилкеси жана Палестинага кол салган Израилге тийиштүү чара көрүү керектигин баса белгилеп, бул жааттагы эл аралык демилгелерге Кыргызстанды колдоо көрсөтүүгө чакырды. 

Anahtar Kelimeler: Түркия, Кыргызстан, Эрдоган, Жапаров,

Жаңылыктар