Жапаров:"Түркия Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш гана эмес, бир тууган өлкө болуп саналат"

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Жеңгиз Камил Фыратты өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аяктап жатканына байланыштуу кабыл алды.

25 Mart 2021 22:32

Жолугушууда эки тараптуу мамилелердин артыкчылыктуу багыттары, соода-экономикалык алакаларды өркүндөтүү чаралары жана мурда пландаштырылган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Жеңгиз Камил Фыраттын кызматташууну активдештирүүгө жана кыргыз-түрк саясий диалогун өнүктүрүүгө кошкон салымын канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров эки тараптуу мамилелерди сапаттуу жаңы деңгээлге чыгаруу ниетин билдирди. Анткени 1Түркия Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш гана эмес, бир тууган өлкө болуп саналат.

Президент кыргыз тарап өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүгө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, биргелешкен ишканаларды түзүүгө, агрардык, текстиль, тоо-кен, гидроэнергетика жана башка өз ара кызыгуу жараткан тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга басым жасап келерин айтты.

Түркия элчиси Жеңгиз Камил Фырат Кыргызстанда дипломатиялык кызматын өтөө мезгилинде анын жигердүү иштеши үчүн жакшы шарттар түзүлгөнүн баса белгиледи.

Жеңгиз Камил Фырат соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү үчүн түрк ишкерлеринин Кыргызстанга келиши күтүлүп жатканын, ошондой эле Ысык-Көлдө кыргыз-түрк бизнес-форумун өткөрүү пландалып жатканын кошумчалады.

Жеңгиз Камил Фырат президент Садыр Жапаровго өлкөдө саясий реформаларды жүргүзүүдө жана калктын бакубатчылыгын жогорулатуу боюнча жасаган иштеринде ийгиликтерди каалады.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Түркия, Садыр Жапаров, Жеңгиз Камил Фырат,

Жаңылыктар