Жапаров Түркияны дүйнөнүн күчтүү мамлекеттеринин катарында көрсөттү.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров дүйнөнүн күчтүү мамлекеттеринин бири болгон Түркия менен тыгыз байланыштарды өөрчүтүү ниетин билдирди.

30 Ağustos 2021 18:09

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта өлкө Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президентин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Кыргызстанда аккредитацияланган чет мамлекеттердин элчиликтеринин жана эл аралык уюмдардын 50дөн ашуун жетекчилери катышты.

Мамлекет башчысы иш-чаранын катышуучуларына кайрылуусунда өлкө тарыхый тандоосун 1991-жылдын ошол оор күндөрүндө, Советтер союзу мамлекет катары жок болуу алдында турган кезде, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин сессиясында «Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларациясы» тууралуу токтомду кабыл алуу менен өзүнүн эгемендүүлүгүн жана суверендүүлүгүн жарыялаганын баса белгиледи. Ошондон тартып Кыргызстан эл аралык укуктун толук кандуу катышуучусу жана субъектиси болуп калды.

Президент суверендүүлүк жана демократия жолун тандап алган Кыргызстандын эгемендик мезгил ичиндеги жетишкендиктерин белгиледи.

Анын сөзү боюнча, оптималдуу өнүгүү моделин издеп, өлкө ар кандай сыноолорго кабылды, өйдө-ылдый жагдайлар болду, алардын баары республикада бир катар ички саясий кризистик окуяларга, анын ичинде трагедияларга алып келип, өлкөнүн өнүгүшүнө ар кандай деңгээлде таасирин тийгизди.

«Ошол оор шарттарда Кыргызстан коомдогу пикир келишпестиктерди жеңе алды: туруктуулукту, эл аралык ынтымакты, биримдикти жана толеранттуулукту камсыздоого жетишти. Ошондой эле жарандык коому активдүү, адилеттүүлүк үчүн, татыктуу жашоо укугу үчүн күрөшкөн өлкө жана эркиндикти сүйгөн эл деген имиджди сактап кала алды",- деди ал.

Андан соң Президент улуттук жана региондук деңгээлдеги коопсуздукту камсыздоо үчүн кызматташууну күчөтүүнү талап кылып, бүгүнкү курч турган аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелерине токтолду.

Президент бизнес үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү маселесине да токтолуп, бул багытта кардиналдуу экономикалык, фискалдык, транспорттук-логистикалык жана тышкы соода саясатын өнүктүрүү боюнча реформаларды ишке ашыруу башталганын кошумчалады.

Кыргызстан биринчи кезекте, саясий, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча, коопсуздук жана аскердик-техникалык кызматташтык, суу-энергетикалык жана инфратүзүмдүк, айыл чарба тармактарындагы, ошондой эле саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданий-гуманитардык, финансылык-техникалык чөйрөлөрдөгү маселелер боюнча конкреттүү макулдашууларга жетишүүгө умтулганын айтты.

«Менин Президент катары Москвага, Ташкентке, Нур-Султанга, Анкарага, Ашхабадга, Душанбеге болгон алгачкы иш сапарларым ушул маселелерди чечүүгө багытталды.

Биз стратегиялык өнөктөштөрүбүз, союздаштарыбыз жана дос мамиледеги өлкөлөр менен кызматташтыкты мындан ары да ар тараптан өнүктүрүүгө кызыкдар экендигибизди сүйлөшүп, орток пикирге келдик.

Ошондой эле биринчи кезекте, Борбор Азия чөлкөмү боюнча биздин кошуналарыбыз жана дүйнөнүн күчтүү мамлекеттери болгон Россия, Кытай, Түркия, андан сырткары стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө келишимдер түзүлгөн Индия жана Венгрия менен тыгыз байланыштарды өөрчүтүү ниетиндебиз», - деп белгиледи Президент.

Anahtar Kelimeler: Жапаров, , Жапаров, Кыргызстан, Түркия,

Жаңылыктар