Жапаров Түркиянын Улуттук коргоо министри Хулуси Акарды кабыл алды

Түркиянын Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Кыргызстандагы сапары жыйынтыкталды.

30 Haziran 2021 14:42

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, Түркия Республикасынын улуттук коргоо министри Хулуси Акарды кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аскердик-техникалык чөйрөдөгү жана коопсуздук маселелериндеги эки тараптуу кызматташуунун приоритеттүү багыттары жөнүндө пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы дипломатиялык алакалар түзүлгөндөн бери Кыргызстан менен Түркия бардык чөйрөлөрдө кызматташууга бекем пайдубал түптөшкөндүгүн өзгөчө белгиледи.

Садыр Жапаров баса белгилегендей, кыргыз-түрк мамилесинде аскердик-техникалык кызматташуу өзгөчө орунду ээлейт. Анын мындан аркы кеңейишине жана бекемделишине мүмкүнчүлүктөр кенен.

Өз кезегинде улуттук коргоо министри Хулуси Акар Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Жогорку стратегиялык кызматташтык боюнча кеңештин 5-жыйынынын жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун алкагында бул сапардын маанилүү экенин белгиледи.

Ошондой эле ФЕТОго каршы биргелеше күрөшүүгө басым жасап, аскердик кызматташтыктын алкагында адистерди окутуу жана даярдоо маселеси дагы маанилүү экенин белгиледи.

Хулуси Акар “Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды

Түркиянын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Кыргызстандагы иш-сапары алкагында “Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды. Ал жакта жазуучунун үй-бүлөсү менен маектешти. Чынгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов аларга музей жөнүндө, атасынын өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берди.

Хулуси Акар үй-музейди көрүп чыккандан кийин, эстелик жазуулар китебине өз каалоолорун жазып, кол тамгасын калтырды.

Министр Хулуси Акар Кыргызстандагы иш-сапарын жыйынтыктаган соң Тажикстанга жөнөп кетти.

Anahtar Kelimeler: Түркия, Кыргызстан, Садыр Жапаров, Хулуси Акар,

Жаңылыктар