Жаратылыш менен айкалышкан ырлар

Шамаалдын доошу, суунун шырылдаган үнү, дарактардын шуулдаган добушу... Жаратылыш менен айкалышкан уникалдуу ырлар. Көмөкөй менен ырдоо стили.

13 Mayıs 2021 23:51

Көмөкөй менен ырдоо-бул кекиртек жана ооз менен өзгөчө үн чыгаруу стили. Тыва, Түштүк Сибирия жана монголдор арасында кеңири таанылган ырдоонун өзгөчө түрү.

Ырдоодун бул стили эки топко бөлүнөт. Алардын бири Анадолу аймагына таандык болсо, экинчиси Орто Азияга тийешелүү.

Тывалыктардын ишеними боюнча, музыка алагч суунун үнүнөн, шамалдын доошунан жана жаратылыштагы жандыктардын үндөрүнөн келип чыккан. Алар жаратылыштагы бардык нерсенин жаны бар деп ишенишет. Андыктан ар бир жандыктын өзүнө таандык үнү/музыкасы бар деген ой үстөмдүк кылат.

Көмөкөйдөн чыккан сырдуу үн аркылуу байыркы доордун добушу камтылып, жаратылыш даңазаланат.

Нигде университетинде эмгектенен окумуштуу проф.др. Фейзан Гөхердин маалыматына караганда сырдуу үн өзүнө руханий өзгөчөлүктөрдү камтыйт. Сыйкырдуу добуштун айыктыруучу өзгөчөлүгү да бар.

Көмөкөй менен ырдоонүн түрлөрү

Көмөкөй менен ырдоонун бир канча түрү бар. Алар: кхөмей, кыргыраа, сыгыт

Кхөмей  – эки үн же бир убакта эки добуш чыгарып ырдоо.

Кыргыраа – көөдөндөн, көмөкөй аркылуу үн чыгарып баатырдык эпосторду айтуу ыкмалары.  Кыргыраа көөдөн аркылуу кызыл өңгөч, тамак, кеңилжээр, көмөкөйдөн добуш чыгарып, кооз кайрыктар менен коштолот. 

Сыгыт-шамалдын доошу сыяктуу, кеңилжерден үн чыгарып ырдоо.

Көмөкөй ырларын ар кыл инструменттердин коштоосунда ырдагандар да бар. Алар, эки кылдуу топшур, кадимки темир комуздай-комыс, кыл кыяктай – икили, чоор сыяктуу-шоор ошондой эле амыргы, камчы, кирлее жана тана-топчы, чаңыра өндүү музыкалык аспаптар.

«Ырдоо техникасын туура өздөштүрбөсө сүйлөө жөндөмү жоголушу мүмкүн»

Проф.др. Фейзан Гөхердин айтымында кхөөмей - бул өтө татаал ыкма. Эгер туура өздөштүрбөсө, анда ал жүрөккө жана өпкөгө таасирин тийгизиши мүмкүн. Ырдоо техикасын туура колдонбогон ырчы 10 жыл ичинде сүйлөө жөндөмүн жоготушу толук ыктымал.

Жалгасбек Илес-Казакстандык ырчы

Жалгасбек Илес көмөкөй менен ырдоонун чебери. 30 жаштагы ырчы, көмөкөй менен ырдоону 24 жаш курагында өздөштүргөн. Көмөкөй менен ырдоону Туран тобунун музыканттарынан үйрөнгөн. Өзү консерваториянын бүтүрүүчүсү. Келечекте академиялык деңгээлдеги китеп чыгарып, улуттук музыкалык аспаптарда ойноо ыкмасын үйрөтүүнү каалайт. Ал 10 музыкалык аспапта ойнойт.

Жаңылыктар