Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министринин милдетин аткарат

Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

22 Nisan 2022 23:24

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык,  Кулубаев Жээнбек Молдоканович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, КР тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Эске сала кетсек, Жээнбек Кулубаев буга чейин КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген. Ага чейин Тышкы иштер министрлигинде бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. Ошондой эле Кыргызстандын Малайзиядагы, Кытайдагы, Казакстандагы элчиси болгон.

Жаңылыктар