Жээнбеков өкмөттүн жана премьер-министрдин кызматтан кетүүсү тууралуу жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков КР Өкмөтүнүн жана Премьер-министрдин кызматтан кетүүсү тууралуу Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

09 Ekim 2020 13:13

Президент Сооронбай Жээнбеков КР Өкмөтүнүн жана Премьер-министрдин кызматтан кетүүсү тууралуу Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дагы кызматтан кетти деп эсептелет.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат орундарын ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат.

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда кол койгон жарлыкка ылайык, Орозбек Опумбаев  да Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын кызматынан бошотулду.

Кыргызстанда 5-октябрда  парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу нааразылык акциялары  чыккан. Ал массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен.

6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын, УКМКны ээлеп алышкан.

Ошол эле күнү, Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп,  өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун өз кызматынан ыктыярдуу кетүүнү суранган арызын тааныштырып, жаңы өкмөт башчыны дайындоо процедурасы жүргөн. Ага ылайык өкмөт башчылыгына Садыр Жапаров сунушталган.

Жапаровдун өкмөт башчылыкка көрсөтүлүшүнө каршы «Реформа» саясий партиясынын өкүлдөрү, «Баштан башта» кыймылынын мүчөлөрү баштаган топтор Ала-Тоо аянтына митингге чыгышып, альтернативалуу өкмөт башчы катары «Ата Мекен» саясий партиясынын талапкери Тилек Токтогазиевди сунуштаган.

Өлкөдө азыр коомдук-саясий кризис өкүм сүрүп жатат. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда, өлкөдөгү саясий абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кезектеги кайрылуусун жасап, азыркы кырдаалды тез арада укуктук талаага салып, бардык мамлекеттик органдарды, Өкмөттү легалдуу статуска ээ кылып, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди.

Жаңылыктар