Жээнбеков: «Тынчтыкты бекемдөөгө милдеттүүбүз»

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койду.

10 Ekim 2020 16:46

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Суваналиев Өмүрбек Исакович Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары кызматынан бошотулду. 

Ал эми кечээ, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабында болуп, анда жаңы дайындалган жетекчи Таалайбек Өмүралиев менен өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды талкуулады.

Мамлекет башчысы учурдагы башкы милдет Бишкек шаарынын тургундарынын коопсуздугун жана коомдун тынчтыгын камсыздоо экендигин белгиледи.

«Тынчтыкты бекемдөөгө милдеттүүбүз»

«Бишкек шаарында бүгүн кечки саат 20.00дөн тартып өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койдум. Учурдагы кырдаалга жараша, биз тез арада абалды колго алып, тынчтыкты бекемдөөгө милдеттүүбүз. Шаарда кагылышууларды болтурбоо максатында өздүк курамды бронетехника менен алып чыгып, блокпостторду орнотуу зарыл», — деп баса белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков саясий чакырыктардан сырткары коомду бүлүккө салган чакырыктар болуп жаткандыгын кошумчалады.

«Шаар тургундары жана мекендештерибиз ар кандай саясий күчтөрдүн курмандыгы болуп калбашы керек. Ал үчүн мен, Мамлекет башчысы катары, конституциялык укуктарымдын негизинде болгон аракетти жасайм. Элдин тынч жашоосу, өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калууга милдеттүүбуз. Өлкөнүн бардык акыл-эстүү күчтөрү мени колдойт деп ишенем», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

«Кыйынчылыкты биргелеше жеңебиз»

Мамлекет башчы ошол эле күнү элге кезектеги кайрылуусу менен чыгып, айрым саясатчылардын ашынган амбициясынан улам жарандардын тынч жашоосуна, мамлекеттин тынчтыгына бүлүк салынганын, натыйжада, Кыргызстандын тагдыры коркунучка кептелгенин баса белгилеген.

Элдин тынч жашоосу саясаттын курмандыгы болбошу керектигин айтып, өлкөнүн борбору Бишкекте өзгөчө абал режими ушул себептүү киргизилгенин айткан.

Президенттик апараттын маалыматына караганда «Өзгөчө абал тууралуу» президенттин жарлыгы Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилгенге чейин эле кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. «Өзгөчө абал жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 9-беренеси боюнча, Жогорку Кеңеш президенттин айрым аймактарда өзгөчө абал киргизүү же аны алып салуу тууралуу жарлыгын токтом менен бекитери маалымдалган.

Окуялар

Кыргызстанда 4-октябрда   парламенттик шайлоо өткөн. Оппозициялык партиялар шайлоонун баштапкы жыйынтыгын тааныбай нааразылык акциялары  чыккан. Ал массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен. Митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын, УКМКны ээлеп алышкан. Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев жана мурунку депутат Садыр Жапаров абактан бошотулган.

6-октябрда  депутаттардын жыйыны өтүп, анда саясатчы Садыр Жапаров премьерликке сунушталган. Кийинки күндөрү анын тарапташтары жана башка адамдардын кийлигишүүсү менен чатак чыккан.

 

 

 

 

 

Жаңылыктар