Жетиген: байыркы музыкалык аспап

Сүйрүсүнөн келген жыгачтан жасалган жетиген аспабы казак маданиятында ири мааниге ээ.

19 Mart 2022 20:18

Байыркы жетиген аспабы сырткы тарабында кылдары бар, сүйрүсүнөн келген жыгачтан жасалган тик бурчту элестетет. Илгерки заманда анда Борбордук Азия аймагында отурукташкан калк ойноп келген.

Түзүлүшү боюнча ал түрктөрдүн музыкалык аспабы — канунду элестетет.

Классикалык жетигендин кылдарынын саны 7 болсо, заманбап жетигендики 15.

Жетиген — аспапты кошумча тирөөч катары колдонула турган тизе менен столго коюп, отуруп алып бир убакта эки кол менен чертилет.

Жетиген музыкалык аспабын казактар менен катар кыргыздар, якут, хакас элдери да пайдаланып келген.

Жетиген аспабы менен улуттук күүлөрүнөн баштап дүйнөлүк чыгармаларга чейин ойносо болот.

 

Anahtar Kelimeler: Жетиген, музыкалык аспап,

Жаңылыктар