ЖККУнун аскерлери Казакстандан эки күндөн кийин чыгарыла баштайт

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бейпилдик орнотуу миссиясынын алкагында келген жоокерлери эки күндөн кийин кете баштарын, бул жараян жалпысынан 10 күнгө созуларын билдирди.

11 Ocak 2022 12:38

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУнун аскер контингентин Казакстандан чыгаруу эки күндөн кийин башталарын билдирди.

Токаев белгилегендей, Казакстандын бардык аймактарында абал туруктуу, ЖККУнун негизги миссиясы аяктады.

Буга чейин ЖККУнун атынан Казакстанга жөнөтүлгөн күчтөрдүн командири Андрей Сердюков уюмдун аскерлери Алматы менен анын жака-белиндеги стратегиялык объектилерди "көзөмөлдөп" жатканын билдирген.

«Казакстан ЖККУдан тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүүнү мыйзамдуу түрдө суранган. Бул чечим кабыл алынган учурда биз Алматыдагы бардык көзөмөлдү жоготуу алдында турганбыз. Алматыдан кол жуусак, борбордон, көп өтпөй бүтүндөй өлкөбүздөн кол жуумакпыз",-деди ал.

Белгилей кетсек ЖККУ Казакстанга 2 миң 300 аскер жана 250 техника жөнөткөн.

 

Anahtar Kelimeler: Казакстан,

Жаңылыктар