Жогорку Кеңеш Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүүнү колдоду

Бүгүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүүнү колдоду.

07 Ocak 2022 12:02

Бүгүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүүнү колдоду.

69 депутат макулдугун, жетөө каршы добушун берди.

7-январда чукул чогулган парламент алгач жыйынды ачык карап баштаган. Жыйында айрым депутаттар кыргыз аскерлерин Казакстанга жиберүүдө жоопкерчилик маселесин көтөрүштү. 

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер, сегиз чопкутталган техника, 11 машине барат. Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн өлкө аймагынан тышкары жиберүүнүн ар бир учуру Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Казак өкмөтү отставкага кетип, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келди. Өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланды.

Токаев жардам сурап ЖККУга кайрылды, уюм бейпилдик күчтөрүн Казакстанга жөнөтүү чечимин кабыл алды.

 

Anahtar Kelimeler: Казакстан,

Жаңылыктар