Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду премьер-министр кызматына бекитти

Жогорку Кеңештин депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекитти.

10 Ekim 2020 22:39

Бишкек шаарындагы " Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында парламенттин чукул жыйыны өтүп, ага 63  депутат катышты. Жыйында Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду премьер-министр кызматына бекитти. Ошондой эле депутаттар өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын жактырды.

Өлкөдө мыйзамдуу өкмөт түзүлгөндөн кийин президент Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка баштайт деп күтүлүүдө. Бирок ал президенттик кызматтан өз арызы менен кетерин жарыялаган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир топ саясатчыларды, анын ичинде Садыр Жапаровду жактоочулары камактан чыгарып алышкан.

 

Жаңылыктар