Жогорку Кеңеш Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин  кабыл алды

“Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өттү. Кезексиз жыйындын күн тартибинде президенттин кызматтан кетүүсү жана Бишкекте киргизилген өзгөчө абалды алып салуу маселеси каралды.

16 Ekim 2020 22:00

Бүгүн “Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өттү. Кезексиз жыйындын күн тартибинде президенттин кызматтан кетүүсү жана Бишкекте киргизилген өзгөчө абалды алып салуу маселеси каралды.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков жыйынга өкмөт башчы Садыр Жапаров жана Жгорку Кеңештин төрагасы Канат Исаевдин коштоосунда кирди.

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар президенттин Бишкекте өзгөчө абал киргизүү туралуу жарлыгын бекитүү жөнүндөгү парламенттин токтомун жокко чыгарды. Ошондой эле   Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин  кабыл алды.

Сооронбай Жээнбеков депутаттардын алдында сүйлөп жатып, президенттик кызматка шайланганына үч жыл болгонун, бул жылдар аралыгында элдин колдоосуна таянып, мамлекеттик бийликтин баардык бутактары менен биргеликте ички жана тышкы саясатта бир топ иштерди аткарганын баса белгиледи. «Өлкөбүздө тынчтыкты сактап калуу, элди бөлүп жарбоо максатында президенттик кызматтан кетүү чечимин кабыл алдым», — деп баса белгиледи ал.

Акыркы күндөгү болгон күч-аракетин өлкөнү укуктук талаага кайтарууга жумшаганын баса белгилөө менен бирге Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабаган өнөктөштөрүбүздүн, анын ичинде Россия Федерациясынын, Казакстандын, Америка Кошмо Штаттарынын, Великобританиянын, Бириккен улуттар уюмунун, Евробиримдиктин жана ТүркПАнын жетекчилигине ыраазылык билдирди.

Негизги кыялы — Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору экенин айтып, бийликке келе жаткан азаматтарга ушул ишти улантуу аманатын калтырды.

Жыйындын күн тартибинде президенттин кызматынан кетип жатканына байланыштуу анын милдеттерин аткара турган адамдын талапкерлиги каралды. Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартты. Ал Кыргызстандын Конституциясына ылайык президент кызматтан кеткенден кийин анын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңештин төрагасына өтөрүн белгилеп, бирок президенттин милдеттерин аткаруудан баш тартарын билдирди.

"Учурдагы коомдук-саясий кырдаалды эске алып, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын ыйгарым укуктарынын юридикалык жактан аяктоо алдында тургандыктан Кыргыз Республикасынын президентинин ыйгарым укуктарын аткаруудан баш тартам", - деди ал.

Өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров, бийлик тынчтык жолу менен алмашып жатканын баса белгиледи.

"Бүгүн тарыхый учурга күбө болуп отурасыздар. 5-6-октябрдагы окуяларды турукташтырууга аракет жасабай, үйлөрүбүздө жатып алганда бүгүн мынтип отурбайт элек. Мыйзамдуу жол менен бийлик алмашып жатканына ыраазы болушубуз керек", - деди ал.

Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткенден кийин ага Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген расмий макам берилди.

Жыйындын күн тартибинде депутаттык мандатын кайтарган Өмүрбек Текебаевдин ант берүүсү каралды.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылуу менен башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир топ саясатчыларды, анын ичинде Садыр Жапаровду жактоочулары камактан чыгарып алышкан.

10-октябрда Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында парламенттин чукул жыйыны өткөн. Жыйында Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду премьер-министр кызматына бекитип, өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын жактырган.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 14-октябрда, «Кыргыз Республикасынын Премьер-министрин жана Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. 

 

 

Жаңылыктар