28

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленди

Парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленди. Жарлыкка президент кол койду.

29 Ağustos 2021 17:02

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Президенттин Жарлыгы менен үстүбүздөгү жылдын 28-ноябры Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы чакырылыштагы депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленет.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

2021-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жаңы тартибин караган "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамы күчүнө кирген.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аралаш шайлоо системасы менен өткөрүү каралат.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бир шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Белгилей кетсек Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 2020-жылы 4-октябрда болгон. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл көтөрүлүп, натыйжада Кыргызстанда бийлик алмашкан. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматын мөөнөтүнөн мурда өткөрүп берип, анын ордуна Садыр Жапаров мамлекет башчылыгына отурган.

Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, 2021-жылы 11-апрелде Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум болгон. 5-майда президент жаңы Конституцияга кол коюп, кабыл алган.

Шайлоо тууралуу конституциялык мыйзам долбоорун парламент колдогон. Президент кол койгон.

Жаңылыктар