Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов ТүркПАнын башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эрди кабыл алды

КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эрди кабыл алды.

14 Ocak 2022 18:04

КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эрди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Парламенттик ассамблея алкагында түрк тилдүү өлкөлөрдүн алакасын арттыруу, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо тууралуу сөз болду.

Төрага Талант Мамытов алгач Мехмет Сүрейя Эрди ТүркПАнын Башкы катчысы болуп дайындалышы менен куттуктап: “Тажрыйбалуу дипломат катары ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы парламенттик мамилелерди бекемдөөгө олуттуу салым кошоруңузга терең ишенебиз”, – деди.

Муну менен катар 2021-жылы Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоо тууралуу сөз кылган Талант Мамытов: “VII чакырылыштагы Жогорку Кеңеш дагы ТүркПАнын алкагында калыптанган парламенттер аралык мамилелерди мындан ары бекемдөө үчүн бардык күч-аракеттерин жумшайт”, – деди.

ТүркПАнын Ассамблея кеңешин жана 11-пленардык отурумун Кыргызстанда өткөрүү мерчемделүүдө

Ошондой эле үстүбүздөгү жылы ТүркПАнын Ассамблея кеңешин жана 11-пленардык отурумун Кыргызстанда өткөрүү мерчемделип жатканын айткан Жогорку Кеңештин Төрагасы, бул жаатта алгылыктуу даярдыктар көрүлөрүн кошумчалады.

Өз кезегинде Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр 2022-жылдагы алгачкы иш сапарын Кыргызстанда баштаганын белгилеп: “Сиз төрагалык кылган Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы менен тыгыз иш алып барып, түрк тилдүү өлкөлөрдүн байланышын чыңдай беребиз деген үмүттөмүн. Биз саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты парламенттер аралык алакалардын алкагында өнүктүрүүнү уланта беребиз. Бул үчүн сиздердин колдооңуздар өтө маанилүү”, – деди.

Андан тышкары жолугушууда мерчемделген иш-чаралар жана коюлган максаттар тууралуу сөз болду.

Белгилей кетсек  ТүркПАнын Ассамблея кеңешин жана 10-пленардык отуруму 2021-жылдын 28-сентябрында түрк дүйнөсүнүн руханий борбору Түркстан шаарында өткөн.

Anahtar Kelimeler: Мамытов, ТүркПа,

Жаңылыктар