Жогорку соттун Конституциялык палатасы парламенттик шайлоону токтотуу боюнча арызды четке какты

Жогорку соттун Конституциялык палатасы  парламенттик шайлоону жылдыруу боюнча конституциялык мыйзамдын кабыл алынышынын мыйзамдуулугун карап, ал эч бир мыйзамга каршы келбейт деп чечти.

03 Aralık 2020 14:04

Жогорку соттун Конституциялык палатасы  парламенттик шайлоону жылдыруу боюнча конституциялык мыйзамдын кабыл алынышынын мыйзамдуулугун карап, ал эч бир мыйзамга каршы келбейт деп чечти. Чечимди палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев угузду. Конституциялык палата бул чечими менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү жана VI чакырылыштагы парламенттин мөөнөтүнө байланыштуу маселеге чекит койду.

Белгилей кетсек, Парламенттик кайра шайлоону убактылуу токтоткон мыйзамдын Баш мыйзамга шайкештигин аныктоо тууралуу арыз менен Конституциялык палатага «Реформа» саясий партиясынны лидери Кларв Сооронкулова жана активисттер Нурбек Касымбеков, Таалайбек Усубалиев кайрылышкан. Алар парламенттик кайра шайлоо күнүн белгисиз мөөнөткө калтырган мыйзам Конституциянын бир нече нормасына каршы келерин айтышкан.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрда өткөн. Анын баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон 12 саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг уюштуруп, Жогорку Кеңеш отурган имаратты басып алышкан. Жыйынтыгында парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, президент, премьер-министр жана парламенттин төрагасы кызмат орундарын тапшырган.

22-октябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору каралып, кабыл алынган. Документке ылайык, парламенттик кайра шайлоо конституциялык реформаны өткөрүү аяктагандан кийин өтөрү белгиленген. Ошол эле кезде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалышы керектиги айтылган.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленип, Баш мыйзамдын жаңы долбоору коомго сунушталган.

Жаңылыктар