Жума мечити - Хиванын эң маанилүү символдорунун бири

Жума мечити жыгач мамылары менен көз жоосун алат.

30 Haziran 2022 14:29

Жума мечити болжол менен 18-кылымдын аяк чендеринде салынган.

Ал Өзбекстандын Хива шаарындагы тарыхый Ичанкаледе жайгашкан.

Мечиттин жыгач мамылары 10-16-кылымдарга таандык

Жалпы 212 жыгач мамы бар. Алардын ар бири кол өнөрчүлүктүн туу чокусун чагылдырып, тарыхтагы ар башка доордун өзгөчөлүгүн туюнтат.

Мамыларын ар бири өз алдынча стил менен кооздолгон. Андагы кооздуктар усталардын чеберчилигин айгинелейт.

Мамылар ушунчалык тыкандык менен орнотулгандыктан, минбардан караганда бир дагы мамы экинчисин жаппайт жана мечитке келген жамааттын ар бир мүчөсү имамды таамай көрө алат.

Чок ортосундагы чакан бассейин орун алган.

Бир эле учурда 2 миңге жакын адам намаз окуй алат.

Мечит бүгүнкү күндө музей катары колдонулат.

Жаңылыктар