Жыпар жыттуу өзбек коондору

Өзбекстанда коондун 150дөн ашык түрү өсөт

18 Şubat 2022 18:45

Орто Азия— коондун мекени.

Коон иммундук системаны бекемдеп, жүрөк-кан тамыр ооруларына пайдалуу. Өнөкөт чарчоону жазууда, уйкусуздукту жоюуда, көңүлдү көтөрүүдө коон табылгыс каражат. Анын маңызындагы кремний элементи нервдин, теринин жана чачтын ткандарын бекемдөөгө да салымын кошот. Ал эми андагы темир адамды аз кандуулуктан арылтат.

Өзбекстанда көптөгөн коон талаалары жайгашкан. Дүйнөдөгү эң сапаттуу жана даамдуу коондор Өзбекстандын аймагында өсөт. Өзбекстанда өскөн коондордун салмагы сортуна жараша 2 килограммдан 30 килограммга чейин жетет. Коондон как, мармелад жана варенье жасалат.

Өзбекстандын Гүлистан жана Хорезм баш болгон бир катар шаарларында жыл сайын салттуу коон фестивалдары өтүп турат.

Өзбек коондору Англия, Голландия, Россия, Оман, Дания сымал дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө экспорттолот.

Өзбекстанда өстүрүлгөн коондордун айрымдары булар: кокче, эмири, дахбеди, бориккелле, гурвек, гүлаби, акуруг, коктинна, кызылуруг, абиноввот, шакарпалак, торпедо, ак коон, босволди, замча, ширинпоча ж.б.

Anahtar Kelimeler: өзбек коондору,

Жаңылыктар