
10 Mart 2021 08:55
Улуттун улуу күнү Ноорузга карата камылгалар улантылып жатат. Жаздын жарчысы « жел чаршамбиси» белгиленди.
Азербайжанда жана Грузияда жаздын жарчысы чаршамби майрамдары белгиленүүдө. Бул майрам Ноорузга бир ай калганда башталып, апта сайын шейшембиден шаршембиге караган түнү белгиленет.
«Жел чаршамбиси» Грузиянын Моллаоглу жана Квемо Сарали айылдарында белгиленди. Бул айылдарда көбүнесе Азербайжан улутундагылар жашайт.
Эки айылда тең атайын программа уюштурулуп, мектеп окуучуларынын жана студенттердин катышуусунда жаздын келишин баяндаган театралдык оюндар көрсөтүлдү.
Элдер отун чогултуп, от жагып, анын үстүнөн секиришти. Иш-чара элдик ыр бийлер менен коштолду.
Жел чаршамбиси бул жылы 9-мартка туш келди. Элдик ишенимде, ушул күндөн тарта жылуу жел согуп, аба ырайы ысый баштайт.
Чаршамбини белгилеген элдер бул күнү короо жайды тазалап, таттуу даамдарды жасашат.
Азербайжанда акыркы чаршамби Ноорузга бир жума калганда, ал эми Нооруз майрамы 21-мартта белгиленет.
Anahtar Kelimeler: Улуттун улуу күнү Нооруз, жел чаршамбиси, Грузия, Азербайжан,